Тынч океандын борбордук бөлүгүндө 3000дей унааны, анын ичинде 800гө жакын электр унаасын Мексикага алып бара жаткан Morning Midas жүк ташуучу кемесинде өрт чыкты. Окуя Адак аралынан (Аляска) түштүккө карай 480 км алыстыкта болгонун Bloomberg АКШнын Жээк коопсуздук кызматына таянуу менен билдирди.
Аталган агенттик кемени башкарган Zodiac Maritime эл аралык компаниясына таянып, өрт азырынча көзөмөлгө алына электигин, бирок кемедеги бардык адамдар эвакуацияланганын билдирди. Өрт чыкканда кемеде 22 адам болгон, жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.
“Мексикага 3 миңдей унаа ташып бара жактан кеме Тынч океандын ортосунда ташталды”, — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Zodiac Maritime компаниясы алгач экипаж өрттү өчүрүүгө аракет кылганын, бирок аны көзөмөлгө ала албаганын кошумчалады.
“АКШнын Жээк коопсуздук кызматы бардык 22 экипаж мүчөсүн эвакуациялап, аларды жакын жердеги соода кемесине көчүрдү” , – деп билдирет Bloomberg.
Өрттүн келип чыгуу себептери тууралуу маалымат жок.
Marine Traffic кемелерин көзөмөлдөө порталынын маалыматына караганда, Либерия желеги илинген жүк ташуучу кеме унааларды ташуу үчүн колдонулган. Ал 26-майда Кытайдын Шаньдун провинциясынын Яньтай шаарынан чыгып, 15-июнда Мексиканын Ласаро-Карденас шаарына келмек.


















