Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан кечээ расмий эки күндүк сапар менен Оман султанатынын борбору Маскат шаарына Султан Хайтам бин Тарик Аль Саиддин чакыруусу менен бпрды.
Бул Пезешкианын 2024-жылдын июль айында кызматка киришкенден кийинки Перс булуңу өлкөлөрүнө болгон биринчи расмий сапары болуп калды.
Салтанаттуу тосуп алуу жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр

Маскатка келгенде, ирандык президентти Омандын коргонуу маселелери боюнча премьер-министрдин орун басары шейх Шихаб бин Тарик Аль Саид жана башка жогорку даражалуу расмийлер тосуп алышты.
Расмий тосуп алуу аземи Аль-Алам падышалык сарайында өтүп, ошол жерде эки өлкөнүн лидерлери ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
18 кызматташтык келишимине кол коюлду

Сапардын жүрүшүндө жалпысы 18 кызматташтык документине кол коюлду. Анын ичинде беш келишим, он өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум жана үч аткаруучу программа камтылган.
Бул документтер экономикалык, энергетикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коргонуу, медиа, технология жана туризм сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.
Иран менен АКШнын өзөктүк сүйлөшүүлөрүндө Омандын ортомчулук ролу
Пезешкиан сапары учурунда ошондой эле Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы өзөктүк программа боюнча түз эмес сүйлөшүүлөрдө Омандын ортомчулук ролун баса белгиледи.
Иран президенти Омандын “активдүү жана конструктивдүү ролу” үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул жараяндан оң жыйынтык чыгарылат деген үмүтүн айтты.
Масуд Пезешкиандын Оманга расмий сапары – эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Кол коюлган келишимдер жана өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр, эки өлкөнүн кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Батыш Азиядагы туруктуулукту бекемдөөгө болгон аракетин айгинелеп турат.
































Discussion about this post