АКШ президенти Дональд Трамп 15-майда өтө турган Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө катышуусу мүмкүн экенин билдирди.
Ал бул тууралуу Сауд Арабиясы, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапарынын алкагында журналисттер менен болгон маегинде айтканын ForPost агенттиги жазды.
«Эки лидер ал жерде болсо керек деп ойлойм. Бейшембиде өзүм кайсы жерде болорумду билбейм. Бир топ жолугушуулар бар. Бирок ал жакка мен да барсамбы деп турам», – деди Дональд Трамп.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президентинин Стамбулда Владимир Путин менен түз сүйлөшүү идеясын колдой турганын жана ал да келет деп үмүттөнөрүн билдирди. Ошол эле учурда Трамптын «толук жана шартсыз ок атышпоо» идеясын толугу менен колдой турганын, бул дипломатияга негиз түзүп, узакка созулат»,- деп эсептейт.
Зеленский Түркияга барып ал жерде Путинди жеке өзү күтөөрүн ырастады.
«Президент Трамптын Түркиядагы бул жолугушууда биз менен болушун каалайбыз. Бул туура идея. Биз көп нерсени өзгөртө алабыз», – деп жазды Зеленский Telegram каналына.
Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Украина менен 15-майда Стамбулда «алдын ала эч кандай шартсыз» түз сүйлөшүүнү сунуштаган.
Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Орусия менен Украинанын жолугушуусун уюштурууга даярдыгын Anadolu агенттиги жазды.
Ошондой эле Президент Режеп Тайып Эрдоган Франциянын лидери Эммануэль Макрон менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, Түркия Орусия менен Украинанын ортосунда «ок атышпоо жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн» бардык салымын кошууга жана эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштурууга даярдыгын билдирди.
















