Россия өз ара кызыкчылыктар үчүн кызматташтыкты түзүү аркылуу ислам мамлекеттери менен ийгиликтүү иш алып барууда. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum» аттуу XVI Эл аралык экономикалык форумунун катышуучуларына жана меймандарына жолдогон кайрылуусунда билдирди. Кайрылуу Кремлдин расмий сайтында жарыяланган.
«Көп улуттуу мамлекетибиз кылымдар бою ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрү менен кеңири өз ара аракеттенүүгө ачык болуп келген. Бүгүнкү татаал эл аралык кырдаалга карабастан, биз экономикалык, илимий, билим берүү, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштарды ийгиликтүү жана туруктуу кеңейтип жатабыз», — деп белгиледи Путин форумдун катышуучуларына.
РФ Тышкы иштер министрлигинин орун басары Сергей Вершининдин айтымында, «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum» форумунда Россия өкүлдөрү «санариптик чек араларды» коргоо жана киберчабуулдарга каршы аракеттерди талкуулашат.
Вершинин белгилегендей, Россия менен ислам мамлекеттеринин өкүлдөрү БУУ жана Эл аралык электробайланыш союзу (МСЭ) сыяктуу эл аралык аянтчаларда санариптик темалар боюнча көз караштары окшош.
Буга чейин KazanForum 2025 алкагында «Түндүк-Түштүк» эл аралык транспорттук коридорунун (МТК) өнүгүү боюнча жаңы долбоорлорун тартуулоо убада кылынган.















