Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Кемаль Мемишоглу өлкөдө адамдардын ашыкча салмак маселеси менен чечкиндүү күрөшүүгө ниеттенүүдө. Ашыкча салмактагы адамдар аныкталып, Дени сак жашоо борборлоруна жана Үй-бүлөлүк саламаттык борборлоруна жөнөтүлөт.
Бул тууралуу министр социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Биз жарандарыбыздын саламаттыгы үчүн жаңы тиркемени ишке киргиздик, максат – үч ай ичинде 10 миллион адамды камтуу. Бул программаны өлкөнүн 81 провинциясында бир убакта баштадык. Медициналык кызматкерлерибиз эл көп чогулган аянттарда, коомдук жайларда жана ар кандай иш-чараларда бою, салмагы жана дене салмагынын индекси (ДСИ) сыяктуу маалыматтарды өлчөшөт», – деп айтылат жарыяда.
Бул ыкма аркылуу бийлик кооптуу тобокелдикке кирген адамдарды гана эмес, ошондой эле ден-соолукта жашоонун маданиятын жайылтууну көздөп жатат.
Ашыкча салмагы аныкталган жарандар тиешелүү медициналык мекемелерге жөнөтүлөт. Ал жакта диетологдор кеңеш берип, кошумча кызмат көрсөтүшөт.
Министр белгилегендей, бул долбоор регионалдык саламаттыкты сактоо башкармалыктары, Кызыл Жарым Ай, Жашыл Жарым Ай фонду жана бир катар бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен ишке ашууда.
Министрдин айтымында, долбоордун максаты — адамдарды ооруну күтпөстөн ден соолугун сактоого үйрөтүү. Ошондой эле элдин медициналык сабаттуулугун жогорулатуу жана ден соолукка пайдалуу жашоо көнүмүштөрүн чыңдоо көздөлүүдө.


















