Россиянын Тышкы иштер министрлиги Афганистандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн деңгээлин элчиликке чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 23-апрелде Афганистандын ИИМинин басма сөз кызматына таянып, Интерфакс агенттиги кабарлады.
Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов Афганистандын ички иштер министри Сираджуддин Хаккани менен жолугушкан. Жолугушууда коопсуздук, экономика жана соода тармагындагы кызматташуу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланган.
Аталган билдирүүдө Хакканинин Москва тараптан Афганистанга карата жакында жасалган кадамдарды жогору баалап, бул аракеттерди өлкөнүн саясий чындыгын таануу жолунда маанилүү кадам катары эсептегени белгиленет.
Тараптар дипломатиялык мамилелерди элчилик деңгээлине жеткирүүнүн жана коопсуздук менен соода жаатындагы өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешкен.
Жолугушууга Россиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов да катышкан.
Кийинчерээк Россиянын ТИМи 23-апрелде Афганистан боюнча президенттин атайын өкүлү Кабулов жана элчи Жирнов Афганистандын тышкы иштер министри Амир Хан Моттаки жана ички иштер министри Сираджуддин Хаккани менен жумушчу жолугушууларды өткөргөнүн билдирген.
Маалыматта: «Афганистандын жетекчилиги Россиянын Жогорку соту тарабынан «Талибан» кыймылынын ишмердүүлүгүнө салынган тыюуну токтотуу чечимине байланыштуу, Москвадагы Афганистандын өкүлчүлүгүнүн деңгээлин элчиликке көтөрүү чечими кабыл алынганын маалымдашты», — деп айтылат Россиянын ТИМи жарыялаган билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 17-апрелде Россиянын Жогорку соту «Талибан» кыймылынын ишмердүүлүгүнө салынган тыюуну токтоткон. Бул чечимге байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Россия Афганистан менен бардык тармактарда, анын ичинде терроризм жана баңгизаттарга каршы күрөш, соода жана инвестиция жаатында өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө умтуларын билдирген.


















