Батыш өлкөлөрү Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясын (АСЕАН) алсыратууга аракет кылып, Азия чөлкөмүндө НАТОнун аналогун түзүү багытын карманууда.
Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.
«Батыштын аракеттери Азия-Тынч океан чөлкөмүндө (АТР) ар кандай жабык аскердик-саясий уюмдарды түзүүгө багытталган: АКШ, Япония жана Түштүк Кореядан турган үч тараптуу альянс, ошондой эле AUKUS (АКШ, Улуу Британия жана Австралия). Ошол эле учурда Лондон, Париж, Оттава жана Брюссель АСЕАН борборундагы форматтарга кирүүгө умтулуп, бул уюм коопсуздук чакырыктарына жооп кайтарууда жөндөмсүз деген түшүнүктү жайылтып жатышат, — деп белгиледи Шойгу. — Батыш чындыгында уюмду ыдыратууну көздөп, Азиядагы НАТОнун аналогу болчу түзүмдү калыптандыруу аракетин көрүүдө».
«Айрыкча бул түзүмдөргө Индияны тартуу мүмкүнчүлүгүнө үмүт чоң, бирок Индия мындай альянстарга катышууга анча кызыкдар эместигин көрсөтүп жатат», — деп кошумчалады ал. Мындан тышкары, Шойгу АКШ президенти Дональд Трамптын тарифтик саясаты АТРдеги саясий кырдаалга терс таасир тийгизип жатканын белгиледи.
«АТРдеги кырдаал татаал жана ого бетер начарлоого карай баратат. Бул көбүнчө Батыштын чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы көп тараптуу кызматташтык механизмдерин, анын ичинде АСЕАН алкагындагы аракеттерди алсыратууга жана узак мөөнөттүү чыңалуу очокторун жаратууга болгон аракети менен байланыштуу», — деди Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы.

















