Стамбулда күчү 6,2 баллга жеткен жер титиреп, андан кийин кайталанган силкинүүлөр катталды. Бул тууралуу «Yeni Şafak» басылмасы жазды.
“Стамбулда 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Коңшу провинцияларда да сезилген жер титирөөдөн улам Кырсыктарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) жана тиешелүү мекемелерибиздин бардык топтору келтирилген зыянды эсептей баштады”,- деп билдирди ички иштер министри Али Ерликая X социалдык тармагындагы баракчасынан.
Катуу жер силкинүү саат 12:50 чамасында башталган. Дубалдар титиреп, люстралар термелип, эмеректер кычырап, электр жарыгы аз убакытка өчүп калган.
Үйлөрдүн жашоочулары жер титирөөнү күтүп, андан соң көчөгө чуркап чыгышкан. Алар көбүнчө тепкич менен түшүшүкөн, бирок айрымдары жер титирөө учурунда лифтке кирүүгө тыюу салынганына карабастан лифтти колдонушкан.
Саат 13:03тө күчү азыраак жер титирөө болгон. Адамдар имараттардан алыс качып, айрымдары унааларды алыс айдап кетүүгө аракет кылышууда.
Жер титирөөдөн кийин шаарда интернет байланышы үзгүлтүккө учураганы байкалууда.
AFAD билдиргендей, кайталанган жер титирөөнүн күчү 4,4 баллды түзүп, жер титирөөнүн очогу жети чакырым тереңдикте жайгашкан.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын Кахраманмараш провинциясында тогуз сааттын ичинде күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон. Бийлик муну “кылым каргашасы” деп атаган. Анда 50 000ден ашуун адам каза болуп, 107 000дейи жаракат алган.


















