ГААГА
Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) алдын ала өндүрүш палатасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу ордерин аткарбаганы үчүн Венгрияны коргонууга чакырды.
ЭКСтин билдирүүсүндө, Рим статутунун 87-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Венгрия 2025-жылдын 23-майына чейин өзүнүн коргоо жүйөлөрүн бериши керек экени белгиленди.
Маалыматка караганда, ЭКСтин катчылыгы 2025-жылдын 3-апрелинде Нетаньяху Венгрияга баргандан кийин, Рим статутунун 92-беренесине ылайык алдын ала камакка алуу боюнча Венгрияга расмий суроо жөнөткөн. Нетаньяху 6-апрелге чейин Венгрияда болгон, бирок камакка алынбастан өлкөдөн чыгып кеткен.
ЭКС алдын ала өндүрүш палатасы бул иликтөө Рим статутунун 87-беренесинин 7-пунктунун негизинде башталганын маалымдады. Бул пункт Сот менен кызматташпаган өлкөлөр боюнча чечим кабыл алууга укук берет.
Нетаньяхунун камакка алуу ордери 2024-жылдын 20-майында Газада жасалган аскердик жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн суралган. 2024-жылдын 21-ноябрында ЭКС үч адамга, анын ичинде Нетаньяхуга расмий ордер чыгарган.
Эгер иликтөө учурунда Венгрия ЭКС алдындагы милдеттерин бузганы аныкталса, бул маселе Соттун катышуучу мамлекеттеринин кеңешине жөнөтүлөт.
Венгрия ЭКСтен чыгууда
Нетаньяхунун расмий визити маалында Венгрия өкмөтү Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу чечимин кабыл алды.
Рим статутуна ылайык, БУУнун Башкы катчысына билдирүү берилгенден кийин чыгуу бир жылдан кийин күчүнө кирет. Бул аралыкта Венгрия өзүнүн бардык милдеттенмелерин аткарышы керек, анын ичинде камакка алуу ордерин аткаруу да бар.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Филиппин да ЭКСтен чыккан, бирок мурдагы президент Родриго Дутертеге каршы ЭКС тарабынан иш козголгон, анткени бул айыптар ал өлкөлөр ЭКСтен чыгуудан мурун коюлган болчу.


















