Мальдив Республикасынын президенти Мохамед Муиззу Израиль жарандарынын өлкөгө киришине тыюу салган мыйзам долбоорун ратификациялады.
Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Түзөтүү Мальдив Республикасынын Иммиграция тууралуу мыйзамына жаңы жобо кошот, ал Израиль паспортун көтөргөн жарандардын өлкөгө киришине түз тыюу салат», — деп айтылат маалыматта.
Президенттик аппарат бул мыйзам Мальдив өкмөтүнүн Газа секторундагы кырдаалга карата позициясын чагылдырат деп түшүндүрдү. Мальдив Израилди жоопкерчиликке тартууга чакырып, бул өлкөнүн аракеттерин ачык айыптоо саясатын уланта берерин белгиледи.


















