Кыргызстан Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи өлкө болду. Бул эки мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин чыңдалышын чагылдырат.
Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой IX Петербург эл аралык эмгек форумунун пленардык жыйынында билдирди.
«Эмгек менен алектенген жарандардын саны боюнча Кыргызстан жаңы Орусиянын тарыхында биринчи жолу алдыга чыкты», – деди ал.
Александр Горовойдун айтымында, өткөн жылдын аягында Орусия Федерациясында 6,3 миллионго жакын чет элдиктер бар болсо, алардын көбү өлкөдө мыйзамдуу түрдө жүрүшкөн. Анын ичинен 1,4 миллиондон ашыгы Өзбекстандын жарандары.
Буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев укук коргоо органдары мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү күчөткөнүн билдирген.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-декабрынан тартып Орусияга кирүүнү каалаган чет элдик жарандарга биометрикалык маалымат тапшыруу боюнча эксперименттин биринчи этабы иштеп жатат.
5-февралдан тартып Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер атайын реестрге киргизилип, алардын жашоосу бир катар чектөөлөр менен катуу көзөмөлгө алына баштаган.
Аталган тизмеге кирген чет элдиктер үчүн бир катар чектөөлөр каралган. Алар жашаган жерин өзгөртө албайт, кыймылсыз мүлк же транспорт каражаттарын сатып алуу, сатуу жана башкаруу укугунан ажырайт жана никеге тура албайт. Андан тышкары банк эсебин ачууга жана финансылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
Кошумчалай кетсек, Орусиянын өзгөртүүлөр кирген бир катар мыйзамдарына ылайык, эми жарандар аталган өлкөгө кирерден мурда 72 сааттан кечиктирилбестен, мамлекеттик кызматтардын мобилдик тиркемеси аркылуу каттоодон өтүп, арыз толтуруп, тиешелүү маалымдамаларды жөнөтүүсү талап кылынат.





















