Түркиянын 71 провинциясында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы операция жүргүзүлдү.
Бул тууралуу ички иштер министри Али Йерликая өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Укук коргоо органдары тарабынан 71 провинцияда жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө 484 кг баңгизат жана 7 миллион 830 миң 760 психотроптук таблетка алынды. Алардын 138и боюнча чечим чыгарылды», – деп айтылат маалыматта.



















