Ирандыктар Нооруздун 13-күнү үйдө калбоого аракет кылышат. Бул күнү жаратылышка ырахат алып, эс алууга чыккандарды жыл бою бакыт жана бакубатчылык коштойт деген ишеним бар. Ал күн (2-апрель) иран календарында расмий түрдө «Табият күнү» катары белгиленет жана расмий түрдө эс алуу күн.
Перс окумуштуусу Абу Рейхан аль-Бирунинин “Аль-Бакия” китебинде Нооруздун он үчүнчү күнү абдан берекелүү жана жакшы күн катары айтылат. Бируни бул китебинде Нооруздун он үчүнчү күнү абдан жакшы күн экенин жана байыркы ирандыктар жылдын он эки айын туюнткан 12 күндүк майрам жана кубанычтан кийин, жакшы күн деп эсептелген Нооруздун он үчүнчү күнү бакчаларга, чөлдөргө чыгышып, жаан-чачын болсун деп тиленишкен. Ошентип Нооруз майрамын расмий түрдө соңуна чыгарышкан.
Бул күндүн эң маанилүү каада-салттарынын бири – жаңы чыгып аткан чөптүн башын байлоо. Бул жөрөлгө каалоолор орундалып, жаштардын бактысын ачуу дегенди билдирет. Дагы бир каада-салт – «Аш» тамагы жасалып, салат жалбырагын, бал жана уксустан жасалган ирандыктардын эң байыркы суусундуктарынын бири Секанжабин суусундугун жана жаңгактын түрүн жешет.
Мындан тышкары, ирандыктар бул күнгө арналган атайын салттуу оюндарды ойношот. Албетте, топ оюндарынын түрлөрү (волейбол, футбол ж.б.) да ойнолот.









































Discussion about this post