Пакистандын президенти Асиф Али Зардари ден соолугу начарлап кеткенден кийин Карачидеги жеке ооруканага жаткырылды.
📰 Express Tribune басылмасынын маалыматына ылайык, Зардари Навабшахтан ооруканага жеткирилген. Ал денесинин ысышы жана инфекция боюнча даттанган. Дарыгерлер ага медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүп, азыр абалын көзөмөлдөөдө.
💉 Дарылоо жана абалы
📍 “Пакистан элдик партиясынын” булактары билдиргендей, дарыгерлер командасы интенсивдүү терапия жүргүзүүдө.
📍 Партия лидерлеринин айтымында, азыр Зардаринын абалы жакшырып калды, ал өзүн жакшы сезип жатат.


















