Пакистан Республикасынын мурдагы премьер-министри, эң ири оппозициялык партия болгон «Адилеттик үчүн кыймыл» (Pakistan Tehreek-e-Insaf, PTI) негиздөөчүсү Имран Хан Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү.
📌 Бул тууралуу The Times of India басылмасы Pakistan World Alliance (PWA) укук коргоо уюмунун билдирүүсүнө таянып маалымдады.
🗣 «Биз Имран Ханды Пакистанда адам укуктарын жана демократиялык баалуулуктарды коргоого кошкон салымы үчүн Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөттүк», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.
Имран Хан экинчи жолу Нобель сыйлыгына көрсөтүлүүдө
📌 2019-жылы ал биринчи жолу Нобель Тынчтык сыйлыгына Пакистан менен Индиянын ортосундагы аскердик чыңалууну азайтуудагы аракеттери үчүн көрсөтүлгөн.
📌 Ошол жылы Пакистан парламенти аны колдоо боюнча резолюция сунуштаган.
📌 Бирок, Имран Хан өзү бул сыйлыкка татыктуу эмес экенин билдирип, аны «Кашмир маселесин түп-тамырынан бери чечип, Түштүк Азияда тынчтык орнотууга жетишкен саясатчы алышы керек»,- деген пикирин айткан.

















