Орозо айынын акыркы жумасы Аль-Кудс күнү Ирандын бардык шаарларында жүз миңдеген адамдар Палестина элине тилектештигин билдирип жөө жүрүшкө чыгышты.
“Аль-Кудс” Иерусалимдин арабча аталышы. Мусулман өлкөлөрү тарабынан Орозо айынын акыркы жумасы белгиленип келген Палестина элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшүүсү менен тилектештик билдирген Эл аралык Аль-Кудс күнү Иран ислам революциясынын негиздөөчүсү Айятолла Хомейни тарабынан негизделген.
Анын максаты – Палестина элинин өз укуктары үчүн күрөшүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Быйыл Ирандын 900дөн ашуун шаарларында, ондогон чоң райондорунда жүз миңдеген ирандыктар Израилди айыпташып, палестиналыктарга колдоолорун билдиришти.
Борбор шаары Тегеранда ирандыктар Тегеран университетиндеги жума намазы окулуучу жайды көздөй жөө жүрүш жасап барышты.
Колдоруна Иран менен Палестинаны желектерин көтөргөн ирандыктар Израилге жана АКШга каршы ураандарды чакырышты.
Тегерандагы быйылкы жүрүшкө өлкө президенти Масуд Пезешкиан да кошулду.
Акциянын катышуучулары Тегеран университетине келишип ал жерде Иран Ислам кеңешинин төрагасы Мухаммад Багер Галибаф сөз сүйлөп, андан соң жума намазын аятолла Сейед Ахмад Хатами жетектеди.



























Discussion about this post