Ашхабад шаарында азык-түлүк баалары өсүүдө. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын кабарчылары билдиришти.
Täze-aý компаниясы чыгарган 330 граммдык каймак (сметана) 2,70 манаттан 3,10 манатка кымбаттады.
800 граммдык каймак 8,50 манаттан 9 манатка чыкты.
200 граммдык сары май 26 манаттан 29 манатка,
370 граммдык сары май 50 манаттан 53 манатка кымбаттады.
Тоок эти жана эт азыктарынын баасы да кымбаттады
1 кг пельмен 33 манаттан 35 манатка,
Мантынын таңгактары 35 манаттан 38 манатка өстү.
Erteki балмуздагы 22,50 манаттан 25,20 манатка көтөрүлдү.
Korola балмуздагы 8,40 манаттан 9,90 манатка,
Fakel жана Plombir 4,20 манаттан 4,80 манатка,
Bagtyýarlyk 6,60 манаттан 7,50 манатка өстү.
Эттин баасынын өсүшү да байкалууда.
Уй эти (сөөктүү) 70-75 манат болуп калды.
Эгерде көп өлчөмдө сатып алынса, 1 кг эт 65 манат болот.
Козу эти Aşgabatmol соода борборунда 47 манаттан сатылууда.
Баалардын өсүшү Орозо айында элдин этке болгон суроо-талабы менен да байланыштуу.



















