Пакистандын Белужистан полициясынын Террорчулукка каршы башкармалыгы 11-мартта жүргүнчү поездине кол салууну уюштурган деп шектелген төрт адамды кармады.
Бул тууралуу Geo телеканалы кабарлады.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдары башка мекемелер менен биргеликте Белужистандагы терактты иликтөөнү улантып, кол салууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, 11-мартта “Белужистандын боштондук армиясы” экстремисттик тобунун согушкерлери Пакистанда Кветта шаарынан (Белужистан провинциясынын административдик борбору) Пешавар шаарына (Хайбер-Пахтунхва провинциясынын административдик борбору) бара жаткан поезддин 450 жүргүнчүсүн барымтага алышкан.
Экстремисттер темир жолду жардырып, андан соң поездге ок чыгарышкан. Поезддин машинисти жаракат алган. Кол салуу учурунда поезд коопсуздук кызматкерлери менен согушкерлер ортосунда атышуу болгон.
Буга чейинки айрым маалыматтарда ошол учурдагы куралдуу кагылышууда экстремисттик топ барымтадагы 25 адамды өлтүргөнүн, алардын төртөө аскер кызматкерлери экени айтылган.




















