Канаданын премьер-министри Марк Карни АКШ президенти Дональд Трамптын коркутууларынан улам мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өткөрүлөрүн билдирди.
«Мен генерал-губернатордон парламентти таркатууну жана 28-апрелге федералдык шайлоону дайындоону сурандым. Чоң жетиликте эң күчтүү экономиканы курушубуз керек. “Биз президент Трамптын тарифтеринин түбүнө жетишибиз керек»,- деди Карни X социалдык тармагында.
Карни шайлоодо негизги атаандашы, консерваторлор партиясынын лидери Пьер Пойлевре менен беттешет.
Карнинин айтымында, Канада «президент Трамптын негизсиз соода аракеттеринен жана өлкөнүн эгемендигине карата коркунучтарынан улам эң олуттуу кризиске туш болду».
Ал Трамптын «Канада чыныгы өлкө эмес» деген сөздөрүнө карабастан, «өлкөнүн талкаланышына жана басып алынышына жол бербей турганын» баса белгиледи.
Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Канада АКШнын 51-штаты болуп калса, АКШнын бажы төлөмдөрүн төлөбөй турганын жана ошондой эле аз салыктар менен эсептеше алат деп бир нече жолу билдирген.
Трамптын сунушуна жооп кылып, Канаданын жаңы премьер-министри Марк Карни анын өлкөсү «эч качан, эч кандай шартта АКШнын курамына кирбей турганын» айтты.
















