Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин тынчтык жолу менен чечилиши – эки коңшу эл үчүн эле эмес, жалпы Борбор Азия аймагы үчүн да зор мааниге ээ болду. Эки мамлекеттин чечимин дүйнөлүк коомчулук да кызуу колдошуп, бул – жөн гана саясий келишим эмес, чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн үлгүсү катары кабыл алышты.
2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жана Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимди үч окууда жактырып, тарыхый чечим кабыл алды.
Ага чейин, 18-мартта, Тажикстандын парламенти да чек араны тактоо боюнча макулдашууну ратификациялаган.
Келишимдин негизги пункттары
2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын такталышы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттын 84ү “макул” деп, бирөө гана “каршы” деген добушун берди. Алар:
– Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишим;
– Кыргыз-Тажик чек арасындагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, жол кесилиштерин жабдуу боюнча макулдашуу;
– Эки өлкөнүн суу жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелери боюнча макулдашуу боюнча мыйзам долбоорлору болчу.

Бул чечим эки өлкө ортосундагы чек ара маселесин расмий түрдө жөнгө салууга багытталган. Ошентип, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жараяны юридикалык күчкө ээ болду. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар чек ара маселесинин тарыхый маанисин, анын коопсуздук жана эки тараптуу кызматташтык үчүн олуттуу экенин белгилешти.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара узак жылдар бою талаштуу болуп келген. Аймактагы соңку окуялардан кийин расмий Бишкек менен Дүйшөмбү чек араны тактоо жана туруктуулукту камсыздоо багытында активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен.
Келишимдин негизинде эки тарап буга чейин макулдашылган чек ара сызыктарын тааныйт жана аймактык бүтүндүктү урматтоо боюнча милдеттенме алат. Ошондой эле, чек ара аймагында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, чек ара кызматташтыгын күчөтүү жана эки өлкөнүн мамилесин бекемдөө маселелери да каралган.
Кыргыз-тажик чек арасынын толук такталышы көп жылдар бою уланып келген талаш-тартыштарга чекит койду. Ошентип Жогорку Кеңештин чечими – кыргыз тараптын чек ара маселесин мыйзам чегинде жөнгө салууга жасаган маанилүү кадамы катары бааланды.
ЖКнын жалпы жыйынында дээрлик 2 сааттай маалымат берген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтуусуна караганда, чек араларды тактоонун алкагында, Кыргызстанга жалпысынан 2365 гектар, ал эми Тажикстанга 1570 гектар жер өттү. Башкача айтканда, Кыргызстан өз аймагын 795 гектарга көбөйтүүгө жетишти. Анын кошумчалаганына ылайык, бул – чек ара маселесин биротоло чечип, эки элдин ынтымагын бекемдөөгө шарт түзөт.
Буларга кошумчалап, чек араны тактоодо эч ким утпай турганын, азыркы кабыл алынган чечимдер эки өлкөнүн ынтымагы үчүн аткарылып жатканын белгиледи.
“Бирок мен ачык айтып коюшум керек, чек араны караганда: “биз утуп алдык, биз жеңип алдык”,-деген сөздөн алысыраак бололу, туугандар. Эки элдин ортосундагы, Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы достукту чыңдоо үчүн чек аралар такталып бүттү. Мындан ары биздин мамлекеттерибиз чыныгы достукта, тууганчылыкта, бири-бирине болгон жакшылыкта гана жүрсүн деген ойдобуз. Мындан ары биздин Лейлек, Баткен райондорубуз, Тажикстандын Согди облусу менен өтө тыгыз катташат дагы, экономикалык байланыштарыбыз күчөйт, достугубуз күчөйт. Уруш-талаш болбойт. Бул сеники, бул меники деп эми ар бирибиз өз чек арабызды билебиз. Эч ким өз чек арасынан өтүп, башка нерсе кылбайт”,-деди Ташиев.
Эл аралык реакция…
Ушул жылдын 13-мартында Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгондон кийин дүйнөдөгү дээрлик көпчүлүк эл аралык уюмдар жана мамлекеттер бул чечимди колдоого алышты. Аны жөн гана саясий келишим эмес, чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн үлгүсү катары кабыл алышты.
Мисалы: БУУ, Европа Биримдиги, Түрк Мамлекеттер Уюму, ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу дүйнөлүк уюмдар чек ара келишимин кубатташты. Бул уюмдар дээрлик 5 миллиард адамдын кызыкчылыгын коргогон дүйнөлүк негизги институттар болуп саналат жана алардын чек ара маселесинин тынч жол менен чечилишин кубаттоосу Кыргызстан үчүн глобалдык жеңиш деп сыпатталууда.
Ал эми, Түркия, Франция, Кытай, АКШ, Орусия, Иран, БАЭ, Кувейт, Сауд Аравия, Катар, Азербайжан, Пакистан, Бахрейн, Иордания сыяктуу мамлекеттер эң алгачкылардан болуп кубатташты.
Жапаровдун Борбор Азиядагы аймактык кызматташтык боюнча жаңы сунушу
Кыргызстан менен Тажикстан чек араларын тактагандан кийин, Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттери үчүн жаңы интеграциялык демилге көтөрдү. Ал аймактын ичинде визасыз каттоо режимине өтүүнү жана үчүнчү мамлекеттер үчүн Шенген визасына окшош жалпы Борбор Азия визасын киргизүүнү сунуштады.
“Аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, Борбор Азияны инвестиция жана туризм үчүн жагымдуу аймакка айлантуунун убактысы келди”, – деди Жапаров.
Бул сунуш 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында өтө турган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын жолугушуусунда да талкууланышы мүмкүн. Ал эми, апрель айында Самаркандда өтө турган “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде да бул маселе күн тартибине коюлса ашыкча болбойт.
Президенттин бул сунушун колдоого алган тарых илимдеринин кандидаты Жумали Адилбаев буга чоң үмүт байлаганын биздин редакцияга билдирген.
“Негизи буга менин чоң үмүтүм бар. Анткен себеби, Борбор Азиядагы мамлекеттер тээтиги Октябрь революциясына чейин эле, байыртадан келе жаткан өз ара мамилелери, жакындыгы бар. Ал убакта эч кандай мамлекеттик чек ара жок эле да. Бирок кийин, адегенде Орусиянын аймагындай аймак болуп, кийин Түркстан АССРи болуп, анан кийин улуттук мамлекеттерге бөлүнүп, анан чек ара дегендей азыркы шарттар пайда болгон. Өздөрүнүн өз ара элдеринин ортосундагы мамиле – бул, тарыхий процесс болуп келген. Ошондуктан бул демилге ишке ашса, Борбор Азиядагы бардык элдер утут деп айтат элем. Андыктан, бул процесс акыры Шенген келишими сыяктуу Борбор Азияга да зарыл нерсе. Менин оюмча болот болуш керек”,-деген ал.
Чек ара такталышынын практикалык таасири
Чек аранын расмий бекитилиши менен 2021-жылдан бери жабык турган эки өткөрмө бекет кайра ачылып, 14-марттан тарта Бишкек – Дүйшөмбү жана Бишкек – Худжанд авиакаттамдары калыбына келди. Бул чечим эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө, соода алакаларын жандандырууга чоң өбөлгө түзөөрүнө үмүт артылууда.
Ошондой эле, бул макулдашуу чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоого жардам берет. Мурда жер, суу, жайыт жана жол талаштан улам чыккан кагылышуулар эми тарыхта калууга тийиш. Ошентип чек ара маселеси жөнгө салынып, жарандардын эркин жүрүүсүнө жана соода-сатыктын өнүгүшүнө шарт түзүлдү.
Жергиликтүү тургундар үчүн да бул келишимдин мааниси чоң. Анткени чек араларды тактоо менен айыл чарба иштеринде, мал жаюуда жана суу пайдаланууда так эрежелер орнотулду. Баткен жана Лейлек райондорунда жашаган кыргыз жарандары, ошондой эле Тажикстандын Согди облусунун тургундары мындан ары чек ара маселесинен улам келип чыккан чыр-чатактардан алыс болушат.
Ынтымак аркылуу өнүгүүгө карай…
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесинин биротоло чечилиши – тарыхый окуя болду. Бул жаңылык аймактагы стабилдүүлүктү бекемдеп, эки элдин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түздү. Жогорку Кеңеште бул маселеге биримдик менен добуш берилгени да кыргыз коомчулугунун бул чечимди колдоорун далилдеди. Эл аралык коомчулуктун да макулдашууну колдошу, эки өлкө ортосундагы тынчтыкты жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн жасалган чоң кадам катары бааланышы жөн эмес.
Кыргызстан жана Тажикстан үчүн бул келишим жаңы өнүгүү доорунун башталышы болууга тийиш. Эки өлкө тең саясий жана экономикалык байланышты чыңдап, региондо туруктуулукту сактоо үчүн кызматташтыкты күчөтүү максатында алдыга кадам таштоодо. Ошентип бул макулдашуу Борбор Азияда чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүнүн үлгүсү катары тарыхта калды.
Даярдаган: А.Белеков





















