18-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин кайрадан телефон аркылуу сүйлөштү, бул Трамп АКШнын президенттигине киришип, Украинадагы согушту токтотуу планын ишке ашыра баштагандан берки экинчиси болуп саналат.
Кремль менен Ак үй Путин менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу өзүнчө билдирүү таратты.
Кремлдин билдирүүсү
Путин менен Трамп телефон аркылуу Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча деталдуу жана ачык пикир алмашууну улантып, жаңжалды жөнгө салуу аракеттерин улантуу ниетин ырасташты.
Путин Трампка Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу жолдорун биргелешип иштеп чыгууга даяр экенин айтып, ошондой эле АКШ президентинин Орусия менен Украинанын энергетикалык инфраструктураларына сокку уруудан 30 күндүк өз ара баш тартуу идеясын колдоду жана мындай буйрукту аскерлерге берди.
Путин ошондой эле Трампка 19-мартта орус жана украин тараптын ортосунда 175 кишини 175 кишиге алмашуу ишке ашырыларын билдирди. Мындан тышкары, жакшы ниеттүүлүктүн белгиси катары Орусиянын медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан оор жарадар болгон 23 украин аскери өткөрүлүп берилет.
Кремлдин билдирүүсүндө тараптар Украинаны жөнгө салуу боюнча аракеттерди улантууну макулдашышканы жана бул максат үчүн орус жана америкалык эксперттик топтор түзүшөрү айтылат.
Ак үйдүн билдирүүсү
Ак үйдүн билдирүүсүндө Путин менен Трамп Украинада туруктуу тынчтыкка жана ок атышпоого жетишүү зарылдыгын белгилешкени айтылат.
“Украина менен Орусиянын бул согушка сарптаган каны жана акчасы өз элдеринин муктаждыктарына жумшалса жакшы болмок”, – деп айтылат билдирүүдө.
Билдирүүдө бул жаңжал эч качан башталбашы керек болчу экени жана чын ыкластуу жана ак ниет тынчтык аракеттери менен эчак эле бүтүшү керек болчу экени баса белгиленген.
Ошондой эле, Трамп менен Путин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана ал жердеги келечектеги чыр-чатактын алдын алуу үчүн кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.















