АКШдагы торнадо кеминде 34 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Интерфакс ABC News телеканалына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамал менен коштолгон торнадо Алабама, Миссури, Арканзас, Миссисипи, Луизиана, Иллинойс, Индиана жана Теннесси штаттарында катталган.
Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, Миссисипи штатында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам 6 адам, дагы үч киши Арканзас штатында каза тапты. Кум аралашкан бороондо болгон жол кырсыгында Канзас штатында 8, Техас штатынын Амарилло шаарында 3 адам көз жумду.
Оклахома штатында өрткө байланыштуу эвакуация жарыяланган. Тилсиз жоодо 300дөй үй жабыркаган. Аба ырайы начарлаган аймактарда 100 миллиондон ашык тургун жашай тургандыгы айтылды.


















