18-февраль күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, белгилүү саясий ишмер, Түркиянын экс-премьер-министри Бинали Йылдырымды кабыл алды.
Ал шаарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн Өзбекстанга келген.
Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.
«Көп тараптуу кызматташтыкты координациялоодо жана илгерилетүүдө Аксакалдар кеңешинин өсүп жаткан ролун жана жигердүү катышуусун эске алуу менен Уюмдун алкагында көп тармактуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды», – деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун саммиттеринин жыйынтыгында кабыл алынган программаларды жана демилгелерди ишке ашыруу максатында практикалык өнөктөштүктү кеңейтүүнүн жана байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү, ошондой эле бириккен аймактык коомчулуктун алкагында алдыдагы иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маселелери каралды.
Эскерте кетсек, Аксакалдар кеңеши Түрк мамлекеттери уюмунун туруктуу консультациялык органы болуп саналат.
Түрк дүйнөсү шаар куруу конгресси 2002-жылы Анкара шаарында түзүлгөн Инженерлер жана архитекторлор биримдиги тарабынан өткөрүлүүдө. Союздун иш-чараларына Самарканд жана Навои шаарларынын акимдиктери катышууда.


















