Белгилүү ишкер Рахат Жунушбаева жакында эле “Ыссык-Көлдү сактоо” фондун түзгөн. Ал уюштурган фонд бүгүн Каракол шаарында ” Ысык-Көл экологиясы: чындык жана перспективалар” деген темада Ысык-Көл облусунун суу ресурстарын коргоо жана көзөмөлдөө боюнча биринчи Эко-Форум уюштурду.
Аталган форумда Р. Жунушбаева Кыргызстандын берметин сактап калууга жан үрөп, экологиялык кырдаал боюнча олуттуу маселелерге токтолду. Ысык-Көл жөн эле көл эмес экендигине, биздин сыймыгыбыз, табигый байлыгыбыз жана келечегибиз экенине токтолду .
Ошондой эле акыркы жылдары суунун деңгээли төмөндөп, көл булганып, экосистема коркунучка кептеле баштаганы боюнча коңгуроо кагып, мурун Ысык-Көлгө 118 дарыядан суу куюлса, бүгүнкү күндө алардын 40ы гана калганы, башкасы кургап же аларды жашоо-тиричилик жана айыл чарбасы үчүн колдонулуп жатканы боюнча айтты. Натыйжада көл тартылып жатканына токтолду. 2022-жылы көл 93 сантиметрге тартылып, 24 сантиметрге гана калыбына келген.
Эгерде көлдү булгаганды токтотпосок, көлгө куйган суулардын агымы калыбына келтирилбесе, Ысык-Көл чындыгында биз көргөн тунук толкундардын ордуна булуттуу суусу бар туруктуу сууга айланып кетиши мүмкүн экенин баса белгиледи. Ойлоно турган жердебиз.



















