Жалал-Абаддан Кытайга рудалар, асыл таштар, концентранттар жана пахта экспорттолууда.
Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, 2024-жылы Жалал-Абад облусу менен Кытайдын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 127 млн 752 миң долларды түзгөн.
Тышкы соода жүгүртүүнүн ичинде экспорт 48 млн 631 миң долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 104,2% жеткен.
Ал эми, импорт 79 млн 121 миң долларды түзүп, өсүү темпи 107,3%га камсыздалган жана Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,3% түздү.
“Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында 14төн ашык биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Алардын ирилери “Кичи-Чаарат” компаниясы, “Фулл Голд Майнинг”, “ОРИС НПЗ” ишканаларын жана Ноокендеги чийки мунай өндүрүүчү кыргыз-кытай ишканалары”, – дейт Текебаев.
Анын айтымына караганда, кытайлык Qinji компаниясы менен биргеликте Жалал-Абад шаарында жылына 10 миң даана өндүрүштүк кубаттуулуктагы авто унаа чогултуучу завод жана атайын жабдууларды куруу долбоору да ишке ашырыла баштаган.
Учурда Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 40 миң чарчы метрден ашык жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Эске салсак, алтын камтыган руданы жана концентратты экспорттоого 2022-жылдын октябрында, андан кийин мартта жана 2023-жылдын декабрында тыюу салынган. Бирок 2024-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров аларды ташып чыгарууга салынган тыюуну алганын президенттин маалымат кызматы билдирген.



















