Орус бийлиги Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсү үчүн мүмкүн болгон жер катары Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмираттарын карашууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги орусиялык булактарга таянуу менен билдирди.
Алардын айтымында, акыркы жумаларда Орусиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү Сауд Арабиясына жана БАЭге барышкан.
Бирок агенттиктин маектештеринин бири Орусияда “бул идеяга каршылык бар” деп билдирди, анткени кээ бир дипломаттар жана чалгын кызматтары Сауд Аравиясы да, БАЭ да Америка Кошмо Штаттары менен “тыгыз аскердик жана коопсуздук кызматташтыгы” бар экенин белгилешет.
Сауд Арабиясы менен БАЭ комментарий берүү өтүнүчтөрүнө жооп берген жок, ал эми Кремль комментарий берүүдөн баш тартты.
Трамп Украина жана Орусия менен дагы тезирээк сүйлөшүү ниетин бир нече жолу билдирген. 20-январда Путин ошондой эле “Орусия АКШнын жаңы администрациясы менен Украина жаңжалы боюнча диалогго даяр” деп билдирди.
















