Борбор Азиядагы жана Кавказдагы айыл чарба жерлери коркунучтуу темп менен түшүмдүүлүгүн жоготуп жатат. Өткөн жылдын ноябрында Азербайжандын ордо калаасы Бакуда өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУ конференциясында (COP29) бул өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү айдоо жерлеринин азайышы боюнча көптөгөн докладдарды беришти, бирок бул кризисти тез арада чечүү зарылдыгына карабастан, катышуучулардын бири да Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы көптөгөн экологиялык көйгөйлөрдү жеңилдетүү үчүн конкреттүү сунуштарды беришкен жок.
Азербайжандын Айыл чарба министри Межнун Мамедов COP29 конференциясынын алкагында жердин деградациясы жана климаттын өзгөрүшү боюнча өткөн тегерек столдо дүйнөдөгү топурак ресурстарынын 40%га жакыны деградацияга дуушар болуп, экосистемаларга, азык-түлүк коопсуздугуна жана суу ресурстарына коркунуч жаратып жатканын айткан.
“Акыркы он жылдыктарда туруксуз айыл чарба тажрыйбалары, токойлордун кыйылышы, шаарлардын кеңейиши жана климаттын өзгөрүшүнүн күчөгөн таасири дүйнө жүзү боюнча кыртыштын деградациясын тездетти. БУУнун чөлгө айлануу менен күрөшүү боюнча Конвенциясынын (UNCCD) маалыматына ылайык, деградациядан улам жыл сайын 12 миллион гектарга жакын түшүмдүү жерлер жок болууда”, – деген Маседов.
Борбор Азияда кырдаал өзгөчө Тажикстанда курч, бул өлкөдө айыл чарба жерлеринин дээрлик үчтөн бир бөлүгү оор абалда турат. Мындай көйгөйлөр Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө, өзгөчө Кыргызстан менен Казакстанга да коркунуч туудурат. Бул өлкөлөрдө токойлордун бузулушу, кыртыштын шорлонушу, жайыттарда малдын ашыкча жайылышы сыяктуу маселелер көп. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Борбордук Азиянын 39% аймагы кургакчылык абалда турат.
Өзбекстандын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Азиз Абдухакимов өз өлкөсүндөгү суу жана топурак ресурстарына мониторинг жүргүзүү жолдорун киргизүү планын сунуштап, Өзбекстандагы өзгөчө жана кооптуу абалды ачыктап, тез жана чечкинүү аракеттер көрүлбөсө, анда келечек муундарга кургак жана какыраган чөлдөрдү өткөрүп беребиз деген.
Бирок, бул маселелерди чечүү боюнча эч кандай көп тараптуу жана биргелешкен демилгелер талкууланган же каралбаган жок. Бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча пландар сунушталган күндө да, тилекке каршы, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мындай пландарды ишке ашырууга каражаты жок, ошондуктан бул аймактагы өлкөлөрдүн мамилесинин тез арада өзгөрүшүн күтпөш керек. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бай өлкөлөрдөн жыл сайын 1 триллион доллар керек деп айтышат.
Акыр-аягы, Бакуда өткөн климаттын өзгөрүшү боюнча саммитте, узак жолугушуулардан кийин бай өлкөлөр жыл сайын глобалдык жылуулуктун кесепеттери менен, анын ичинде топурактын иштетилбей калуу көрүнүшү менен күрөшүүгө 300 миллиард доллар бөлүүнү макулдашты. Бул сумма өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө глобалдык жылуулук менен күрөшүү үчүн мурда убада кылган 100 миллиард долларга салыштырмалуу олуттуу сумма.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бай өлкөлөрдү кайдыгерлик үчүн айыпташат, ал эми бай өлкөлөр (айрыкча АКШ жана Евробиримдиктин мүчөлөрү) Сауд Аравиясы жана Кытай сыяктуу өнүккөн экономикаларга нааразы, анткени акыркы өлкөлөр өздөрүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр деп аташат жана алар климаттын өзгөрүшүн каржылоого эч кандай милдеттенме алышпайт.
Айыл чарба жерлеринин айдоо үчүн жараксыз болуп калышынын ар кандай себептери бар. Бирок көпчүлүк мындай катастрофаны глобалдык жылуулук менен байланыштырууда. 2022-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чөлгө айлануу менен күрөшүү боюнча конференциясында жарыяланган баяндамада Борбор Азиядагы айыл чарба жерлеринин айдалбай калышына жана жайыттардын жоголушуна шарт түзгөн айрым адам факторлору көрсөтүлгөн: анын ичинде пахта өстүрүүгө айдалган жерлерди ашыкча пайдалануу жана туура эмес сугаруу.
БУУнун маалыматына ылайык, Борбор Азиядагы жерлердин айдалбай калышына алып келген факторлордун жыйындысы бара-бара бул аймактын өлкөлөрүндө айыл чарба аймактарынан шаарларга миграция сыяктуу көйгөйлөргө айланат, натыйжада абанын булганышы сыяктуу башка көйгөйлөр пайда болот.
Эгерде айыл чарба жерлери айдалбай калса жана калктын санынын өсүшү сыяктуу башка адамдык көйгөйлөр менен айкалышса, ал суу ресурстарына жана түшүмдүү айыл чарба жерлерине жетүүнүн кризисин күчөтүшү мүмкүн. Бул көйгөйлөр БУУнун баяндамасы боюнча айыл чарба жана мал чарба өндүрүшүнүн төмөндөшүнө алып келет.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Сайед Касем Закири


















