Иран армиясы эң заманбап технологиялар менен жабдылган 1000 жаңы стратегиялык учкучсуз учактарды алды.
Бул тууралуу Ирандын IRIB мамлекеттик маалымат агенттиги билдирип, техникаларды армияга өткөрүп берүү иш-чарасынын видеосун жарыялады.
Иш-чарага Иран Ислам Республикасынын армиясынын башкы командачысы генерал-майор Сейед Абдолрахим Мусави жана Коргоо министри Амир Азиз Насирзаде, армиянын кургактагы күчтөрүнүн, абадан коргонуу күчтөрүнүн, аба күчтөрүнүн жана деңиз күчтөрүнүн командирлери катышты.
Маалыматка караганда, учкучсуз учуучу аппараттар абадан коргонуу системаларын айланып өтүүгө мүмкүндүк берген алдыңкы технологиялар менен жабдылган.
Дрондор уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ, анын ичинде учуу аралыгы 2000 километрден ашык, жогорку кыйратуучу күчкө ээ, ошондой эле тышкы башкарууну талап кылбастан, узак мөөнөттүү автономдуу учууларды аткарууга жөндөмдүү.
Бул учкучсуз учактар Коргоо министрлигинин ошондой эле илимге негизделген компаниялардын окумуштуулары тарабынан биргелешип иштелип чыккан.



















