Ирандын Гилян провинциясынын Эмлаш аймагынын тоо-токойлоруна орнотулган фотокапканга азыктанып жаткан иран илбирси тартылып калган.
Бул тууралуу провинциянын Айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин директору Хамзе Ашури билдирди.
Анын айтымында, Эмлаш айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын кароолчулары быйыл үчүнчү жолу Ирандын тоолуу токойлорунда ирандык илбирстин сүрөтүн тартып алышканын.
Бул кадрлар токойго орнотулган фотокапкандардын жардамы менен тартылган.
Иран илбирси – Батыш Азияда байырлаган илбирстин эң ири түрлөрүнүн бири. Ал жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбар катары Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун Кызыл китебине киргизилген.















