Израил армиясынын Газа тилкесиндеги Аль-Вафа ооруканасына сокку уруусунун натыйжасында, алдын ала маалыматтарга караганда, 7 адам өлүп, айрымдары жарадар болгон.
Палестиналык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, сионисттик режимдин согушкерлери Газа шаарынын борборундагы Аль-Вафа ооруканасынын эң жогорку кабатын аткылашты.
Медициналык мекемеге кол салуунун натыйжасында, алдын ала маалыматтар боюнча, 7 адам каза болгон. Ошондой эле бир нечеси жаракат алган, алардын айрымдарынын абалы оор экени кабарланды.
Палестинанын ХАМА кыймылы Аль-Вафа ооруканасына кол салууну согуш кылмышы деп атады.
“Эл аралык коомчулук чара көрүп, БУУнун байкоочуларын жиберип, ооруканаларды коргоону камсыз кылышы керек”, – деп айтылат ХАМАСтын билдирүүсүндө.
«Биз он беш ай бою болуп көрбөгөндөй кылмыштарга, анын ичинде геноцидге, бардык жарандык объектилердин, өзгөчө ооруканалардын системалуу түрдө талкаланышына, алардын өрттөлүшүнө жана дарыгерлер менен медицина кызматкерлерине кол салууларга байланыштуу эл аралык коомчулуктун унчукпай турушун айыптайбыз», – деп белгиленет документте.



















