Ооганстанга азык-түлүк жана дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам жеткирилип, Өзбекстандан келген дарыгерлер оогандыктарды бекер медициналык кароодон өткөрүшөт. Бул тууралуу Сурхандарья облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Саломатлик» медициналык поезди Балхка келди. 25-30-декабрда өзбекстандык квалификациялуу дарыгерлер тобу оогандыктарды бекер медициналык кароодон өткөрүшөт.
«Бул гуманитардык жардам Ооган өкмөтүнүн Ооган элин Өзбекстандан келген дарыгерлер тарабынан бекер медициналык кароодон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүнүн негизинде ишке ашырылууда», — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.
Сүрөт: Сурхандарья облусунун акимчилиги



















