Орусиянын коргоо министрлигинин радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысынын өлтүрүлүшү “пландалган теракт” болгон.
Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова соцтармактагы баракчасынан билдирди.
Игорь Кириллов жана анын жардамчысы 17-декабрь күнү Москвадагы Рязань проспектисиндеги жардырууда каза болгон. Орусиянын Тергөө комитети билдиргендей, турак жайдын кире беришинин жанында токтоп турган самокатка коюлган жардыруучу зат жардырылган.
Захарова кайрадан теракт болгонун, Кириллов жана анын жардамчысы эртең менен адамдар жумушка, балдар мектепке же бала бакчага жөнөгөндө турак жайдын алдында максаттуу түрдө өлтүрүлгөнүн белгиледи.
Мындан тышкары ал Батыштын кол салууга реакция жасабагандыгын сынга алды.
Ал эми Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Кирилловдун өлүмү үчүн Украина оор бааны төлөй турганын эскертти.



















