Орешник — Орусиянын орто аралыкка учуучу баллистикалык ракетасы. Ал тууралуу биринчи жолу 2024-жылдын 21-ноябрында белгилүү болгон. Анда Россиянын президенти Владимир Путин россиялыктарга жасаган телекайрылуусунда Днепрдеги аскердик өндүрүшкө Россия орто аралыкка уча турган “Орешник” деп аталган баллистикалык ракетасы менен сокку урганын билдирген. Бул Украинанын батыштагы өнөктөштөрүнүн батыштын так, таамай тийген куралдары менен Орусиянын аймагындагы буталарга сокку урууга уруксат бергенине жооп болду.
Путин “Орешник” эски советтик системалардын модернизациясы эмес экенин, ал заманбап, акыркы иштеп чыгуулардын негизинде түзүлгөн жаңы Россиянын шарттарында жасалган иштин натыйжасы экенин кошумчалаган.
Жаңы ракеталык системанын учуу аралыгы беш жарым миң километрге (5500 км) чейин жетет. Ал жогорку ылдамдыктагы өзгөчөлүгү менен Европадагы НАТОнун негизги объектилерине өтө кыска убакыттын ичинде жете алат.
Путин “Орешник” ракетасындай система азыр эч кимде жок экенин ырастап, дүйнөдө аны кармай ала турган комплекс азырынча жок экенин айткан. Ал ошол эле учурда “Орешник” массалык кыргын салуучу курал эмес экенин белгилеген.
“Орешник” ракетасы тууралуу эмнелер белгилүү жана ал кайсы аралыкка канча убакытта жете алат?
Ракетанын болжолдуу учуу убактысы: Польшадагы Редзиково базасына 11 мүнөттө, Германиядагы Рамштайн авиабазасына 15 мүнөттө, НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасына 17 мүнөттө жетет.
РИА Новости агенттиги жарыялаган инфографика



















