Катар Сирияда 2011-жылы жаңжал башталгандан кийин жабылган элчилигин жакында кайра ачууну пландоодо.
Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари Катар жаңылыктар агенттиги QNAга билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
«Катар элчилиги керектүү процедураларды аяктагандан кийин Сириядагы ишин кайра баштайт», – деди ал.
Анын айтымында, дипломатиялык миссиянын ишин кайра жандантуу аба коридору аркылуу Сирия элине гуманитардык жардамдын агымын жеңилдетүү үчүн тиешелүү тараптар менен координацияны күчөтөт.
Күн мурун Аль-Ансари Катар Түркия аркылуу Сирияга гуманитардык жардам жеткире баштаганын журналисттерге айткан.
Катардын Дамасктагы элчилиги 2011-жылы эмират Башар Асаддын өкмөтү менен элдик нааразылык акцияларын катуу басууга байланыштуу дипломатиялык алакасын үзгөндөн кийин жабылган.
Бир күн мурда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан мамлекет Дамаскта элчилик ачуу ишин баштаганын билдирген. Ал өкмөт тиешелүү шарттардын аткарылышын күтөөрүн баса белгилеген.
27-ноябрда куралдуу оппозиция Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы турумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрдын кечинде алар бир нече ири шаарларды – Алеппо, Хама, Дараа жана Хомсту басып алып, 8-декабрда Дамаскка киришкен. Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн бөлүктөрү шаардан чыгып кетишкен. Сириянын өкмөтүнүн башчысы Мохаммед Гази аль-Жалали республикада бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирип, өлкөдө калган. Ал эми Башар Асад Сириянын президенттигинен баш тартып, өлкөдөн чыгып, Москвадан башпаанек алды.
Дамаскта бийлик алмашкандан кийин Сириянын көптөгөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү мамлекеттик желектерди бийликти басып алган оппозициянын символдору менен алмаштырышкан.
















