АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын БРИКС өлкөлөрүнүн ортосунда ажырым жаратуу үчүн биримдиктин өлкөлөрүнүн дарегине карата коркутуулары натыйжасыз ыкма.
Бул тууралуу Россиянын Г.В. Плеханов атындагы Экономика университетинин эл аралык бизнес жана бажы иштери кафедрасынын доценти Анастасия Прикладова IRNA агенттиги менен болгон маегинде билдирди.
“Коркутуу – бул күрөштүн натыйжасыз ыкмасы, балким, Трамп БРИКС мамлекеттеринин ортосунда ажырым жаратуу үчүн ал өлкөлөрдүн реакциясын жана биримдиктин алсыз жактарын баалап жаткандыр. Башкача айтканда, учурда стратегияны иштеп чыгуу боюнча кырдаалга мониторинг жүргүзүлүүдө”, – деди ал.
Анын айтымында, Кытайга жана башка БРИКС өлкөлөрүнө коркутуу аркылуу Трамп АКШнын долларга негизделген дүйнөлүк лидерлигин сактап калууга аракет кылууда.
“Орус активдерин тоңдуруу жана төлөмдөргө бөгөт коюу сыяктуу прецеденттер долларга болгон ишенимди азайтат, демек, Американын экономикасын алсыратат”, – деп кошумчалады эксперт.
Эске салсак, 30-ноябрда Трамп эгер БРИКС өлкөлөрү жаңы валюта түзсө же доллардан баш тартса, анда бирикмеге мүчө өлкөлөрдөн келген товарларга 100% соода бажы салыгын киргизээрин жарыялаган. Анын айтымында, эл аралык соода үчүн доллардын ордун алмаштырууга аракет кылган ар бир өлкө “Америка менен кош айтышат”.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трамптын коркутууларына комментарий берип жатып, эгер АКШ өлкөлөрдү экономикалык басым аркылуу долларды колдонууга мажбурлай турган болсо, анда бул улуттук валюталарга өтүү тенденциясын дагы күчөтөрүн билдирген.
Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Трамптын БРИКС өлкөлөрүнө карата коркутуулары бул бирикме дедолларизация багытында ийгиликке жетип жатканын жана анын баалуулуктарын бөлүшкөн өлкөлөр барган сайын көбөйүп жатканын айгинелейт деп билдирген.


















