Сауд Арабиясы Кнессет кабыл алган БУУнун палестиналык качкындарга жардам агенттигинин (UNRWA) Израилдеги ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзамды сынга алды.
Newsru.co.il маалымдагандай, тиешелүү мыйзам долбоорун Израилдин 92 парламентарийи колдоду.
Падышалыктын Тышкы иштер министрлиги Израилди этникалык тазалоо үчүн айыптаган билдирүүсүндө: “Бул эл аралык укуктун одоно бузулушу, болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофага көңүл бурбоо, эл аралык мыйзамдуулукка шек келтирет”,- деп айтылат королдуктун тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
“Сауд Аравиясы Израил бийлигинин (саясий да, аскердик да) БУУнун жана бул уюмдун агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө каршы жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-аракеттерин кескин түрдө четке кагат”, – деп кошумчалайт Королдуктун Тышкы иштер министрлиги.


















