Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Винисиуска күтүүсүз сокку… «Алтын топтун» жеңүүчүсү Родри болду

  • Дүйнө, Коом, Спорт
  • 29.10.2024 15:10

Loading

Өткөн түнү дүйнөлүк футболдун абройлуу сыйлыктарынын бири болгон «Алтын топ» сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрүлдү. Ошентип 2024-жылкы сезон үчүн «Алтын топтун» ээсин Париждеги Шателет театрында өткөн салтанатта аныкталды.

«France Football» журналынын бул сыйлыгына “Ким татыктуу?”,-деген сурамжылоосунун төрттүгүнө Родриго Эрнандес, Винисиус Жуниор, Жуд Беллингем жана Даниэл Карвахал кирген болчу.

Натыйжада “Манчестер Ситинин” жана Испаниянын Улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Родриго Эрнандес 2023/2024 сезонунун жыйынтыгы менен 68-ирет тапшырылган “Алтын топту” жеңип алды.

Тема боюнча

Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

16.10.2026

“Жаракат алгандан кийин мен өзүмдү жакшы эле сезип жатам. Өзүмө эле эмес, үй-бүлөмө да кам көрүп, жакшы маанайда убакыт өткөрүү үчүн баарын жасоого аракет кылуудамын. “Алтын топту” алганымды жакын адамдарым менен майрамдайм. Ооба, бүгүн мен “Алтын топ” менен жатам”, – деди Родри.

Родриго 2023-2024-жылкы сезондо “Манчестр Сити” менен бирге Англиянын Премьер-Лигасын, Европанын Суперкубогун жана Дүйнөлүк клубдар аралык чемпионатынын чемпиону аталган. Ошондой эле Испания менен бирге Европанын да чемпиону болгон.

Винисиуска күтүүсүз сокку…

Буга чейин, 2024-жылдагы “Алтын топту” “Реал Мадрид” футбол клубу менен Бразилиянын улуттук курамасынын чабуулчусу, 24 жаштагы Вини (Винисиус) Жуниор алат деген алдын ала чыгарылган божомолдор тескери кетти.

“Алтын топту” Родриго алары алдын ала эле белгилүү болсо керек, анткени быйылкы жеңүүчү болот деп айтылып жаткан Вини жана “Реал Мадриддин” башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти баштаган дээрлик бардык курамы Парижге барбай турганы салтанат өтөөргө дээрлик 6 саат калганда белгилүү болду.

Бул тууралуу италиялык спорт журналист Фабрицио Романо жарыялап, футбол ааламындагы күтүүсүз жаңылык менен бөлүштү.

“Винисиус Парижге барбайт, анткени ал “Алтын топту” албайт! Салтанатка “Реал Мадридден” да эч ким катышпайт… Клубдун чечимине ылайык, Флорентино Перес, Винисиус, Карло Анчелотти жана Жуд Беллингем да бүгүн Парижде болбойт”,-деген ал.

Сыйлоо аземинен кийин Винисиус социалдык тармактарга билдирүү калтырып: «Керек болсо муну 10 жолу жасайм. Алар даяр эмес”, – деди. Бирок муну менен ал эмнени айткысы келгенин билүү кыйын болуп, анын ою түшүнүксүз боюнча калды. Муну euro-football басылмасы “балким, бразилиялык футболчу келечекте “Алтын топко” көңүл бурарын белгилегендир”,-деп божомолдоду.

Ошентип, “Алтын топту” тапшыруу аземине “Реалдын” бир да өкүлү катышкан жок. Маалымат каражаттары сыйлык Родриге берилээрин билгенден кийин Мадрид командасы бул сапардан баш тартканын жазышты.

Бирок “Реал Мадрид” кур калган жок…

Вини “Алтын топту” албаган менен анын клубу кур калган жок. Мисалы “Реал Мадрид” 2024-жылдын “Жылдын мыкты клубу”, башкы машыктыруучу Карло Анчелотти “Жылдын эң мыкты машыктыруучусу” жана клубдун чабуулчусу Килиан Мбаппе “Эң көп гол киргизген футболчу” сыйлыгына татышты. “Эң көп гол киргизген футболчу” сыйлыгын Германиянын “Бавария Мюнхен” клубунун чабуулчусу жана Англия курама командасынын капитаны Харри Кейн да алды.

Ал эми бул салтанатта башка сыйлыктар да тапшырылды. Алсак, “Барселона” жана Испаниянын Улуттук курамасында чабуулчу Ламин Ямал — «Жылдын мыкты эң жаш оюнчусу»;

«Барселонанын» кыз-келиндер курамасы — «Жылдын эң мыкты кыз-келиндер клубу».

Англиялык “Астон Вилла” клубунун жана Аргентина курама командасынын дарбазачысы Эмилиано Мартинес — «Жылдын эң мыкты дарбазачысы» (Лев Яшин атындагы сыйлык);

“Барселона” клубунун жана Испания курама командасынын жарым коргоочусу Айтана Бонмати — «Алтын топтун» ээси болушту.

Ушуну менен “Барселонанын” футболчу айымдары “Алтын топту” 4-жыл катары менен жеңип алышты. Тагыраагы, Айтана Бонмати өткөн жылы да бул сыйлыкты утуп алса, 2022 жана 2021-жылдары “Алтын топту” клубдун жарым коргоочу Алексиа Путеллас алган.

“Алтын топтун” тарыхы…

“Алтын топ” (французча Ballon d’Or) — Франциянын France Football журналы тарабынан жыл ичинде өзүнүн мыктылыгы менен айырмаланган футболчуларга берилүүчү дүйнөлүк сыйлык. Бул футболчу үчүн эң престиждүү сыйлык болуп эсептелет.

Биринчи “Алтын топ” 1956-жылы берилген. Анда англиялык “Блэкпул” футбол клубанун чабуулчусу Стэнли Мэтьюс жеңип алган.

Алгач “Алтын топтун” ээси журналисттер тарабынан европалык клубдарда ойногон европалык гана футболчуларга добуш берүү менен аныкталгандыктан, Диего Марадона менен Пеле сыяктуу оюнчулар сыйлыкка ээ боло алышкан эмес.

2010-жылы France Football менен ФИФАнын ортосундагы келишимдин негизинде бул сыйлык убактылуу ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу сыйлыгы менен бириктирилип, ФИФАнын “Алтын тобу” деп аталган. 2016-жылы France Football менен ФИФАнын өнөктөштүгү токтотулуп, ФИФАнын эркектер арасындагы “эң мыкты оюнчу” деп аталган жаңы сыйлыкты бере баштаган.

“Алтын топту” France Football журналынын башкы редактору Габриэль Ханот негиздеген. 1956-жылдан 2006-жылга чейин “Алтын топ” ээси футбол журналисттеринин добуш берүүсү менен тандалып келсе, 2007-жылдан бери 180 адамдан турган курама командалардын машыктыруучулары жана капитандарынын добуш берүүсү аркылуу аныкталып калган.

Алгач “Алтын топ” европалык футболчуларга гана ыйгарылып келген, бирок 1995-жылдан баштап европалык клубда ойногон бардык улуттун футболчуларына бериле баштаган. Ал эми 2007-жылдан бери “Алтын топ” дүйнө жүзүндөгү бардык профессионал футболчуга ыйгарыла турган болгон.

Тарыхта аны эң көп алган футболчу катары Лионель Месси эсептелет. Ал былтыры, 2023-жылы, сегизинчи ирет жеңип алган. Ал эми Криштиану Роналду 5 жолу уткан.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Алтын топфутбол
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

16.10.2026
Душанбеден Шымкентке чейин: Борбор Азияда кайсы жаңы стадиондор курулуп жатат

Душанбеден Шымкентке чейин: Борбор Азияда кайсы жаңы стадиондор курулуп жатат

14.09.2026
Бельгиянын Лёвен шаарынын мэри Ридуани Израилдин футбол клубуна баш тартты

Бельгиянын Лёвен шаарынын мэри Ридуани Израилдин футбол клубуна баш тартты

03.09.2026
Өзбекстандын курама командасы Иран менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Өзбекстандын курама командасы Иран менен жолдоштук беттеш өткөрөт

25.08.2026
Криштиану Роналду Ташкентке келиши мүмкүн

Криштиану Роналду Ташкентке келиши мүмкүн

19.08.2026
Инфантино ФИФАнын президенти кызматын сактап калды

Инфантино ФИФАнын президенти кызматын сактап калды

07.08.2026
ФИФАнын президентинин Трамп менен байланышкан планы тууралуу маалымат ачыкка чыкты

ФИФАнын президентинин Трамп менен байланышкан планы тууралуу маалымат ачыкка чыкты

03.08.2026
УЕФА ФИФАнын футбол федерацияларына көрсөткөн басымына кескин реакция жасады

УЕФА ФИФАнын футбол федерацияларына көрсөткөн басымына кескин реакция жасады

30.07.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.