Иранда да түркмөндөрдүн ири тобу жашашат. Алар негизинен Ирандын түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Голестан, Түндүк Хорасан жана Хорасан-Резави провинцияларында отурукташкан. Түркмөндөр узак убакыт бою көчмөн жана жарым көчмөн уруулардын бир тобу болгон. Айрым эсептөөлөр боюнча, Иранда 2-3 миллион түркмөн калкы бар.
Түркмөндөр өздөрүнүн салттарын кандайдыр бир өзгөрүүлөргө дуушар болсо да, муундан муунга өткөрүп, негизги салттарынын жана үрп-адаттарынын оригиналдуулугун сактап келишет. Алардын бири үйлөнүү үлпөт тою – анда түркүн түстүү, оймо-чиймелүү кийимдерден тарта өз сырлары бар өзгөчө каада-салттары бар.
Үлпөт тойдогу түркмөндөрдүн байыркы жана сүйүктүү жөрөлгөлөрүнүн бири болуп түркмөн күрөшү боюнча мелдештерди өткөрүү болуп саналат, ал тойдун аягында түркмөн балбандарынын катышуусу менен ачык жерде өткөрүлөт.
































Discussion about this post