Палестиналык ХАМАС уюмунун лидерлеринин бири анын кыймылы Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча Израил менен диалогго даяр экенин билдирди. Бул билдирүү Дохада согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу максатын көздөгөн сүйлөшүүлөр уланып жаткан учурга туш келди.
Бул тууралуу Times of Israel гезити жазат.
Анын маалыматына караганда, Хамастын Катардагы саясий бюросунун мүчөсү Хуссам Бадран Shehab маалымат агенттиги тараткан билдирүүдө макулдашууга жетишүү мүмкүн экенин ырастады.
«Биздин талаптарыбыз ачык. Эгер [Израилдин премьер-министри Биньямин] Нетаньяху мурда макулдашылган нерсени ишке ашырууга милдеттенсе, келишимге жетишүүгө болот», – деп айтылат билдирүүдө.
Бадрандын сөздөрү Египеттин Газада төрт барымтадагы израилдик жарандардын бир нече палестиналык туткунга алмаштыруу боюнча эки күндүк ок атышпоо сунушуна болгон жооппу же жокпу азырынча белгисиз.



















