Израилдин соккусунан кийин Ирандын борборунда жана ири шаарларында абал тынч, жай турмуш кадимкидей уланууда. Тегеранда бардык мектептер, дүкөндөр жана тамактануучу жайлар ачык. Шаар ичиндеги жана четиндеги бардык каттамдарда кыймыл кадимкидей жүргүзүлүүдө.
26-октябрга караган түнү Израиль агрессивдүү аракеттерди жасап, Ирандын Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы аскердик объекттерге сокку урган. Ага жооп иретинде Ирандын абадан коргонуу системалары чабуулдун мизин ийгиликтүү кайтарды. Республиканын Абадан коргонуу күчтөрү чабуулдан чектелген гана зыян келтирилгенин белгилеген.






























Discussion about this post