Түркиянын Жогорку Радио жана телекөрсөтүү кеңеши Анкарадагы Tusaş Aerospace Corporation мекемесинде болгон терактты массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга чектөө киргизди. Бул тууралуу ТАСС агенттигинин төрагасы Эбубекир Шахин билдирди.
«Ата мекендик коргонуу продукциялары өндүрүлгөн Кахраманказан аймагындагы Тусаш объектилерине жасалган террордук кол салуудан кийин сот бул темадагы басылмаларга тыюу салуу чечимин чыгарды. Биздин ЖМКлар расмий органдардын билдирүүлөрү менен бирге такталбаган маалыматтарды, айрыкча социалдык тармактардан таратып жатканы аныкталды. Терроризмге үгүттөгөн басылмалар токтоосуз түрдө токтотулушу керек. Бул берүүлөргө тыюу салууга баш ийбегендер катуу санкцияларга дуушар болушат», – деди Шахин X (мурдагы Twitter) баракчасында.
Эфирге коюлган чектөөлөр эфирде такталбаган маалыматтардын жана ушак-айыңдардын болбошун талап кылат. ЖМК расмий билдирүүлөргө гана басым жасашы керек.
Белгилей кетүүчү жагдай, Түркияда 23-октябрда жарылуу жана атышуу болду. Бул тууралуу алгач өлкө президенти, Орусияда БРИКС саммитине катышуу үчүн Казань шаарында иш сапарда жүргөн Режеп Тайып Эрдоган орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда айткан жана окуяны террордук чабуул деп атады.
Борбор калаа Анкаранын чет жакасында Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасында жарылуу, андан кийин атышуу болгонун жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышкан. TUSAŞ ишканасында аскердик учак жана космостук жабдык жасалат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандар арасында кыргызстандык жарандар жок экенин маалымдады.
Алгачкы маалымат боюнча, теракт жасалган жерге белгисиз адамдар такси менен барышып, өздөрүн жардырып жиберишкен. Азырынча 4 адам өлүп, 14 адам жарадар болгондугу кабарланууда.



















