Казакстан жакынкы келечекте БРИКС уюмуна кирүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. Анын айтымында, бул уюмга мүчөлүккө кабыл алуунун көп баскычтуу процессине жана биримдиктин өнүгүү келечегине байланыштуу.
Уали президент Касым-Жомарт Токаев эл аралык актуалдуу маселелер талкуулана турган универсалдуу уюм катары БУУга артыкчылык берерин айткан.
Ошол эле учурда Уали Казакстан уюмдун эволюциясына кызыгуу менен көз салып турганын жана аны түзгөн мамлекеттердин лидерлеринин ар кандай супердержавалардын гегемониясынан эркин, адилеттүү, демократиялык дүйнөлүк тартипти курууга күч-аракеттерди жумшоо чакырыктарын колдой турганын билдирген.
Кремлдин комментарийи
Россия Казакстандын БРИКС боюнча позициясын сыйлайт, алар ар кандай уюмдарга катышуунун форматы боюнча өз алдынча чечим кабыл алышарын Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Казакстан бизге дос, биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, биздин союздашыбыз, биз мамилелерибизди баалайбыз. Бул биринчиси. Ошондуктан, албетте, белгилүү бир уюмдарга өзүнүн катышуу форматын Казакстан өзү чечет», – деди Песков.
Ал ошондой эле, БРИКС БУУну алмаштырууга аракет кылган бирикме эмес экенин белгиледи.
“Тескерисинче, бул БУУну толуктай турган бирикме жана БУУнун универсалдуу табиятына эч кандай карама-каршы келбейт”, – деп баса белгиледи Песков.
Россия президентинин басма сөз катчысы Москва Токаевдин БРИКС саммитине катышуу үчүн Казанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
“Кандай болгон учурда да Казакстандын президентинин катышуусу аймактык жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым болот”, – деп кошумчалады Песков.
Казанда БРИКСтин саммити 22-октябрдан 24-октябрга чейин өтөт. Саммитке 33 мамлекет, анын ичинде 24ү мамлекет лидерлери катышарын тастыктаганын буга чейин Татарстандын вице-премьер-министри, республиканын Министрлер кабинетинин аппарат жетекчиси Шамил Гафаров билдирген.
Буга чейин Акордонун расмий өкүлү Токаев БРИКСтин Казандагы саммитине катышарын ырастаган. Токаев ал жерде 24-октябрда уюмдун “аутрич” форматындагы кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөөнү пландап жатат.
БРИКС 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 1-январдан бери уюмга төрагалык кылууда. БРИКСке Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары, 2024-жылдын башынан Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кошулду.
Россиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүүдө. Өзүнүн төрагалыгынын алкагында Россия Федерациясы 200дөн ашык саясий, экономикалык жана социалдык иш-чараларды уюштурат.




















