Республикачылардын президенттикке талапкери Дональд Трамп шайлоодогу негизги атаандашы, вице-президент жана Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи шайлоочулардын колдоосу боюнча 2 пайыздык пунктка артка калтырды.
ТАСС маалымдагандай, муну Расмуссен Reports изилдөө уюму жүргүзгөн коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы далилдеп турат.
Сурамжылоого катышкандардын 48%ы ноябрда өтүүчү президенттик шайлоодо Трампты колдоого даяр, ал эми 46%ы Харриске артыкчылык беришкен. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 3%ы башка талапкерге добуш берерин айтышкан. Дагы 3% жоопту чече элек.
Сурамжылоо 3 жана 6-9-октябрда онлайн жана телефон аркылуу жүргүзүлгөн. Ага 2,2 миңден ашык потенциалдуу америкалык шайлоочулар катышты. Ката 2 пайыздык пунктту түздү. 5 жана 8-11-сентябрда өткөрүлгөн Rasmussen Reports сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча Трампты колдоо деңгээли 49%, Харристи 47% түзгөн.



















