Мигранттардын эмгегин пайдаланган орусиялык компаниялардын жарымынан көбү аларды жетиштүү санда ишке ала албайт. Муну hh.ru жана Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин сурамжылоолору тастыктайт, деп жазат Коммерсанть гезити.
hh.ru сайтынын сурамжылоосуна ылайык, мигранттарды жумуш менен камсыз кылууда көйгөйлөр жок компаниялар көбүнчө КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн (48%), Евробиримдиктен (33%) жана Азия өлкөлөрүнөн (КЭР, КЭДР, Вьетнам, Таиланд, Камбоджа ж.б. 28%; Сурамжылоого катышкан компаниялардын 53%ы чет өлкөдөн тартылган эмгек ресурстарынын жетишсиздигин сезишүүдө, ал эми 46%ы мигранттардын учурдагы көлөмүнө кандайдыр бир деңгээлде канааттанышат.
Ишканалардын 56%ы үчүн негизги көйгөй эмгек рыногунда керектүү адистердин жетишсиздиги болгон. Компаниялардын 38%ы мигранттар орус тилинен экзамен тапшыра алышпайт же аны тапшыруунун кыска мөөнөтүнө туура келбейт деп белгилешти. Компаниялардын дээрлик 20%ы чет элдик жумушчуларды колдонууга коюлган чектөөлөргө нааразы болушкан жана ошол эле бөлүгү талап кылынган адистик боюнча чет элдик жумушчуларды жалдоого тыюу салынганын билдиришкен.
Белгиленгендей, 2022-жылдан кийин Орусияга эмгек мигранттарынын агымы Ковидге чейинки деңгээлге чыга элек. 2023-жылы Орусиянын эмгек рыногундагы чет элдик эмгек мигранттарынын саны 3,5 миллионго жакын адамды түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миллионго аз.



















