Ливан жакында “экинчи Газа тилкеси” болуп калышы мүмкүн, деп билдирди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы саясий дебаттарында сүйлөп жатып.
“Мен Ливандын экинчи Газа болуп калышы мүмкүн экенине тынчсызданам”,- деди ал.
Антонио Гутерриш Израилдин да, ХАМАСтын да Газада ок атышууну токтотууга чындап умтулбаганы анык экенин белгиледи.
17-18-сентябрда Израилге каршы чыккан Ливандын “Хезболла” тобу акыркы жылдардагы эң чоң чабуулга туш болду. Күндүз жарым сааттын ичинде пейжерлер Ливандагы жана Сириядагы “Хезболланын” жүздөгөн активисттеринин колдорунда, күрмөсүндө жана шымынын чөнтөгүндө жарылган. “Хезболла” Израилди “кылмыштуу агрессия” үчүн айыптап, “адилет жооп кайтарарын” убада кылган.
Мындан кийин Израил Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймактарына массалык чабуулдарды баштаган жана 20-сентябрда Бейрутка чабуул жасап, “Хезболланын” аскердик канатынын 16 командирин жок кылган. Акыркы маалыматтар боюнча, Израилдин чабуулдарынан кеминде 492 киши набыт болгон. Каза болгондордун арасында 35 бала бар. Дагы 1600дөн ашуун киши жараат алды.
















