Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар аймактагы социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүп, депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өлкөдө онлайн-насыялардын пайда болушу менен телефон шылуундары көбөйгөнүн билдирди.
Ал коммерциялык банктар менен Улуттук банктын бул багыттагы иши жетишсиз экенин айтып, 2024-жылдын 8 айында телефондук алдамчылык боюнча 705 учур катталганына токтолду.
Эл өкүлү жыйындын жүрүшүндө, Финансы министрлиги менен Улуттук банкка онлайн насыяларды коопсуз берүү маселесин иштеп чыгууну сунуштады.
Анткени, акыркы учурда телефон чалуу менен алдамчылык фактылары көбөйүп, жабыр тарткан адамдардын катары көбөйүп бара жатат.
2024-жылдын июль айына карата телефон шылуундары кыргызстандык жарандарга дээрлик 49 млн сомдук материалдык зыян келтиргенин буга чейин, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо жана IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Акрам Кадыржанов билдирген.
Анын айтымына караганда, жалпы 48 млн 803 миң сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталып, бул сумманын 20 млн 658 миң сому жабыркагандарга кайтарылган.
Онлайн насыя берүүнү шылуундардан кантип коргоого болот?
IT жасалма интеллект жана блокчейн технологиясы боюнча эксперт Асылбек Айтматов онлайн насыя берүүнүн жолдорун татаалдаштыруу менен алдамчылыкка бөгөт койсо болорун айтты.
Анын айтымында, биринчи элдин санариптик жана финансылык сабаттуулугун көтөрүш керек. Элдер сабаттуу болуп, алданбаса анда шылуундар өзүнөн өзү жоголот.
“Азыр коомчулук электрондук капчыкка өтүп, азыркы учурда санариптик система бат жана жакшы өнүгүп жаткандыгынын себебинен алдамчылык да ошого жараша өнүгүүдө. Ошондуктан алдамчылык менен алектенген адамдар атайын группаларда шилтемелерди жасашат. Бул жерде эске ала турган нерсе, уюштуруу жагы жана аткаруу жагы болуп экиге бөлүнүшү мүмкүн. Азыр атайын кибер чабуул боюнча орган түзүлүп, 100гө жакын кишилер иштеп жатат. Бирок, кайдыгерликтен, адамдардын өзүнүн туура эмес кадамдарынан улам атайын кызматкерлер иштеп жетишпей жатышат” – деди Айтматов.
Анын айтымына караганда, бизде жарандык коом менен күч органдарынын ортосунда эч кандай байланыш жок. Эгер жаранды кимдир бирөө алдап кетсе, кимге жазып, кайрылышты билбей калат. Ошондуктан бул нерсени жоюу же алдын алуу үчүн күч органдары менен жарандардын ортосунда ыкчам байланыш тузүлүшү керек.
Эксперт өз сөзүндө, кайсы бир күч органы расмий түрдө сайт же сунуштама чыгарып, керектүү жерлерге жарыяласа, коомчулук кайда кайрылышын тактайт. Тагыраагы, кимдир бирөө алданып, ошол сунуштаманын астына кирип, маалымат таштаса бул күч органдынын иштешине да кыйла женилдик болот жана алар ыкчам түрдө иштейт. Бул виртуалдык кылмыш дүйнөсүнүн шылуундарынын ишин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
“Биринчи, жарандар эң башкысы, кайсы тараптан кандай сунуш болбосун, же шилтеме келбесин ойлонуп иш кылганды үйрөнүш керек. Экинчиси, кимдир бирөө чалып, же жазып жатса расмий же расмий эмес экендигин тактаган оң. Бул кадам жарандардын коопсуздугун камсыздайт”, – деп сөзүн жыйынтыктады Асылбек Айтматов.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева




















