Тель-Авивде Израилдин коргоо министри Йоав Галанттын ордуна башка министр келиши мүмкүн деген имиштерден улам кеминде миңдей адам нааразылык акциясына чыгышты.
The Times of Israel гезитинин жазганына караганда, нааразылык акциясы израилдик саясатчы Гидеон Саардын үйүнүн жанында өтүп жатат, имиштерге караганда, ал өлкөнүн жаңы коргоо министри болуп калышы мүмкүн.
Саар Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Ликуд партиясынын мурдагы мүчөсү жана учурда “Жаңы үмүт” саясий платформасынын төрагасы болуп иштейт.
Булак: Calibre.Az


















