ХАМАС кыймылынын өкүлү 15-августта Катардын борборунда өтүүчү Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуудан баш тартканын жарыялады.
“Жаңы сүйлөшүүлөргө өтүү оккупанттарга жаңы шарттарды киргизүүгө жана сүйлөшүүлөр лабиринтин жаңы массалык кыргындарды жасоого мүмкүндүк берет”,- деди Хамастын өкүлү Абу Зухри Reuters агенттигине.
Бирок Израил аймактагы ок атышпоо келишиминин аткарылышынын чоо-жайын жыйынтыктоо үчүн Дохага сүйлөшүү тобун жиберет. Израилдин тышкы чалгындоо кызматы Моссад менен Израилдин башкы коопсуздук кызматы Шин Беттин жетекчилери Катардын борборуна барат. Андан тышкары жыйынга БЧБ (ЦРУнун) башчысы Уильям Бернс да катышаары күтүлүүдө.
ХАМАСтын өкүлү кыймыл БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына негизделген келишимге берилгендигин билдирди.


















