Беларустун тургундары президенттин алмашуусуна даяр болушу керек. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Александр Лукашенко Городище шаарынын жашоочулары менен болгон маегинде билдирди, деп жазат SB. Белоруссия бугун».
«Мен баарыңарга ачык айта баштадым: президент башкача болоруна көнүшүңөр керек. Жок, мен эртең силерди таштап кетем деп жаткан жерим жок. Бирок жашоодо баары болушу мүмкүн. Баарыңардай эле менин түбөлүк эмес экениме көнүшүңөр керек», – деди Лукашенко жергиликтүү тургундардын биринин жаңы мөөнөткө шайлануу өтүнүчүнө жооп берип жатып.
Ал өзүнүн мураскерине тынч өлкөнү калтырышы керектигин белгиледи. “Мен кеткенден кийин, айылдын бир жеринде силердин жаныңарда жашайм, мен кайра келем, ошондо баары жаман болбогонун эстеп, рахмат айтасыңар”, – деп кошумчалады Беларусь президенти.
Лукашенконун айтымында, негизги милдет – өлкөдөгү чыр-чатакты болтурбоо, Беларусту согуштан коргоо жана анын көйгөйлөрүн сабырдуулук менен чечүү.
70 жаштагы Александр Лукашенко 1994-жылдан бери Беларустун президенти. Ал бул кызматка беш жолу кайра шайланган.

















