Астанага жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге «Алтын Кыран» орденин тапшыруу аземи өттү. Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгын Өзбекстандын лидерине президент Касым-Жомарт Токаев тапшырды.
Мирзиёев чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, жогорку сыйлык эки элдин көп кылымдык достугун чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерге берилген баа, ошондой эле Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди жаңы тарыхый деңгээлге – стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилесине чыгарууга умтулгандардын жалпылыгын таануу экенин белгиледи.
Жогорку “Алтын Кыран” ордени Казакстан менен достук мамилени чыңдоого кошкон өзгөчө салымы үчүн мамлекеттик кызматкерлерге ыйгарылат.



















